UFC уюмунун эркек мушкери Валентина Шевченкого кайрадан чакырык таштады

67

UFC уюмунун 2 жолку чемпиону, америкалык мушкер Генри Сехудо Валентина Шевченкого кайрадан чакырык таштады. Генри Сехудо кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Анда ал дүйнөдөгү аялдар менен эркектер арасындагы биринчи чемпион болгусу келип жаткандыгын айтып, Шевченкону мушташууга чакырган.

Эске салсак, эркек мушкердин кыз мушкерди октагонго чакырышы бул биринчи жолу эмес. Буга чейин дагы Шевченкого чакырык таштаган болчу. Анда Валентина Шевченко өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу анын алтын байгеси Glock 19 менен корголгонун айтып, Сехудого жооп берген.

Белгилей кетсек, 31-жаштагы спортчу айымдын эсесбинде ММАда 18 жеңиш, үч жеңилүү ызасы бар. Ал эми Сехудо 2008-жылы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү табылып, ММАда 15 жеңиш, 2 жеңилүү ызасын тарткан.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь