Бүгүн, 14-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ӨКМ кызматкерлери үчүн 24 батирлүү турак үй курулуп бүткөрүлүп, колдонууга берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кызматкерлерге үйдүн ачкычын салтанаттуу тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кызматкерлер үчүн салынган турак-жай Мундуз айылындагы ӨКМдин Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү механизациялашкан базасынын аймагында жайгашкан. Турак үй көз карандысыз жылытуу (котельный) жана паркинги менен курулуп, 0,6 Га аянтты ээлейт.
Батирлердин саны – 24 , анын ичинен:
- 1 – бөлмөлүүлөрдөн – 8 даана
- 2 – бөлмөлүүлөрдөн – 8 даана
- 3 – бөлмөлүүлөрдөн – 8 даана
Көп кабаттуу үйдүн курулушу 2017-жылдын октябрь айында башталган.