Нарын облусунун Нарын районундагы Өрнөк айылында бардык санитардык талаптарга жооп берген жаңы мал базары курулууда.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Сагындыковдун айтымында, мал базар 3 гектарды ээлейт.
“Долбоор Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин көмөгү менен ишке ашырылууда. Анын эсеп баасы – 1 млн. 700 миң сом. Эски базар талаптарга ылайык келбей, башаламан курулган. Ошол эле учурда соода жакшы жүргөн. Мындан улам жаңы базарды куруу ою жаралды“, – дейт ал.
http://kabar.kg