Чүйдө жапайы өскөн кара куурай жок кылынды (сүрөт)

89

Чүй райондук ИИБ кызматкерлери айыл өкмөтү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө.

Облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милиция кызматкерлери короолорду жана кара куурай өскөн жайларды кыдырып чыгышкан.

Жыйынтыгында Чүй айылынынын түштүк жагында 0,20 гектар жана Жаңы-Чек айылында 0,30 гектар жерде жапайы кара куурай талаалары табылган. Милиция кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте табылган кара куурайды жок кылышкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь