Өспүрүмдү зордуктоого шектелген жаран сурак учурунда 3-кабаттан секирип кеткен

96

Бишкекте жашы жете элек кызды зордктоого шектелип Октябрь РИИБне алып келинген жаран имараттын 3-кабатынан секирип кетти. Бул тууралуу шаардык милициядан  билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү жаратынан улам өзүнө келбей каза болду.

«Бүгүн, сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 35 жаштагы Ж.Э. сурак берүүгө алынып келинген. Ал сурак маалында стулдан тура калып терезеге чуркаган. Качууга аракет кылган жаран 3-кабаттан секирип кеткен. Окуя болгон жерге тез жардам чакырылып, шектүүнү ооруканага алып барышкан. Кийин ал өзүнө келбей каза болду», -деп жазылат маалыматта.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь