Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки айып тагылды. Бул анын Кой-Таштагы үйүнө байланыштуу экенин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, ал бүгүн 15-августта Атамбаев менен жолугуп, абактагы шартка нааразычылыгы жок экендигин билген. Кан басымы көтөрүлүп кеткен учурда дарыгерлер жардам көрсөтүп, керектүү дары-дармектерди өз учурунда алып жаткандыгын айткан.

Атамбаевдин жактоочусу кошумчалагандай, бүгүнкү тагылган айыптардын бири мыйзамсыз жер тилкесине ээлик кылуу жана экинчиси Кой-Таштагы жердин бөлүктөрүн ижарага мыйзамсыз берүү болуп саналат.

Бул жакта ишти эки өндүрүшкө алып койду, болгону ошо“,-деди Слесарев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча арызы 16-августта саат 10:00дө Бишкек шаардык сотунда каралат. Сотко Алмазбек Атамбаев да алынып келээри айтылууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: