Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасы ишке киргизилди. Ачылуу аземине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, ишкананын өндүрүштүк объекттерин көрүп, технологиялык процесс менен таанышты. Андан соң ишкананы ишке берген символикалык баскычты басты.

«Кичи-Чаарат» ЖАК 2008-жылы түзүлгөн, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда жайгашкан. Куру-Тегерек жана Сулуу-Тегерек участокторунда чалгындоо иштери аяктагандан кийин алтын материалдарын чыгаруу башталган. Учурда фабрикада 529 адам иштейт, анын ичинде 419у жергиликтүү жашоочулар.

Премьер-министр компаниянын кызматкерлери менен маектешип, алар менен ишканада жашоо жана иштөө шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулады. Алар айлык акыларын көбөйтүү маселесин көтөрүштү. Учурда эмгек акыларынын орточо өлчөмү 16-19 миң сомду түзөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, инвестор алтын кен ишканасында өндүрүш башталган соң биринчи кезекте ушул маселени чечүүгө милдеттенди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: