Иллюстрациялык сүрөт

Ошто 26 жаштагы эне эмчектеги баласы менен көчөдө мас абалында жүргөндө табылды. Ал туулган күнүн белгилеген.

12-август күнү жергиликтүү базарлардын айланасында жаш эне ымыркайы менен мас абалда жаткандыгы боюнча милицияга маалымат келип түшкөн. Жерине барган милиция 1992-ж.т. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экендигин аныктады. Ал убактылуу Ош шаарында жашап, базарда иштейт.

Маалым болгондой ошол күнү туулган күнүн күйөөсү менен белгилеп, арак ичишкен. Кийин күйөөсү Кызыл-Кыяга кетип, өзү колундагы 1 жаш 2айлык баласы менен үйгө жетүүгө аракет кылган. Катуу мас болуп калгандыктан, ордунан тура албай калган.

Эне бала милиция бөлүмүнө жеткирилип, аял өзүнө келгенден кийин коё берилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: