Аида Салянова: Атамбаевди коргогонумдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз!

122

15-августта үй камагына чыккан мурдагы башкы прокурор Аида Салянова аны колдогондорго ыраазычылыгын билдирди. Ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу камакта эмне себептен отурганын жазды. Билдирүүсүнүн толук тексти.

” Урматтуу мекендештер, туугандар!
‌Сиздердин ак батаңыздар менен бүгүн кызымды кучактап отурам! Колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн башымды ийип, таазим кылам. Ар бириңиздерге жолугуп ыраазычылыгымды жеке билдиргенге Кудайымдан насип кылуусун тилейм.
‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар – мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдүн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды.

‌Операцияга даярдануудан улам Сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм. Дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем. Аман болуңуздар!”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь