Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Себеби Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга байланыштуу соттук өндүрүштү тергөө менен кызматташууга макул болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

” 15-августта Аида Салянова Бишкектеги СИЗО-1 ден ИИМдин Тергөө кызматына алынып келтинген. Адвокатынын катышуусунда тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда Аида Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосу бар экенин айтты. Ушуга байланыштуу жаңы мыйзамдарга ылайык анын буга чейин бекитилген камакка алуу боюнча бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү “- деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-прокурор Аида Салянованы үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: