Мамкаттоонун имаратын оңдоо үчүн 24 млн сомго тендер жарыяланды

76

Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратын оңдоп-түзөө үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Аталган имараттын аймагында жайгашкан бактарды жана бадалдарды кыюу пландалууда. Имараттын жанына гүлдөр, бадалдуу гүлдөр отургузулат. Кыйылган бактардын ордуна 10 бак жана бадалдар тигилет.

Мындан тышкары электр жарыгы толугу менен оңдоодон өтөт. Чатырлар кайра жабылып, суу түтүктөрү жана канализациянын түтүктөрү алмаштырылат. Биринчи кабатта автоматташтырылган өрт өчүрүүчү сигнализация орнотулат.

Капиталдык ремонтко 24 миллион 382 миң 839 сом бөлүнөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь