Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

86

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кечээ аялдар күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш федерациясынын расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 68 килограмм салмак ченинде ат салышты. Жуманазарова Украина, Орусия, Канада жана АКШнын балбандары менен беттешип, финалда Жапониядан келген спортчу менен күрөштү. Анда ал япониялык Наруха Мацуюкиге 2:4 эсеби менен жеңилип, экинчи орунду камсыздады.

Дүйнө чемпионаты 12-августтан бери Эстонияда өтүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь