Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн 16-августта Тергөө абагынан ооруканага түштү. УКМКдан кабарлагандай, Исаковдун ден соолугу начарлап, дарыгерлердин консилиуму өткөн.

Жыйынтыгында Исаковдун арка омурткасындагы кан тамырларынын синдрому табылган. Бул оору омуртка артериясынын кысылып калышынан мээдеги кан айлануу бузат. Ал дарыгерлердин коштоосунда ооруканага жеткирилип, учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө ооруканада жатат.

Мурдагы премьер-министр 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: