Сирия, Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу иштери башталды

70

УКМК Кыргызстанга Сирия жана Иракка чыгып кеткен жарандарды кайтаруу боюнча иш алып барууда. Аларды өлкөгө кайтарып келүү иш-чарасы президенттин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда алардын террордук ишке тийиштиги бары же жоктугу аныкталууда. Алардын көбүнүн балдары бар болгондуктан, аларды мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек болууда. Ал эми чоңдор текшерүү бүткөнгө чейин сирия-ирак аймагында кармалууга мажбур. Эгерде алардын террордук ишке катыштыгы бар делип аныкталса, анда ата-энелер балдарды багуу укугунан ажыратылат.

Кайрылып келгендер реабилитациядан өтүшүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь