Ысык-Көл облусунда көлдү сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge 2019 аталышындагы мелдешке Кыргызстандын мурунку премьер-министри Темир Сариев да катышат. Бул тууралуу “Кабар” МА Nomad Sport уюмуна таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 18-августта өтүп, катышуучулар Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырым аралыкты сүзүп өтүшөт.

Бул жылы аталган мелдеш үчүнчү жолу өтүп жатат. Катышуучуларга 7 саат берилет, ал убакытта көлдүн жээктери жакын болгон бөлүгүн сүзүп өтүшү керектелет. Кара-Талаа айылынан башталып, Тору-Айгыр айылына чейин көлдү багындырышат“, – деп билдирет уюштуруучулар.

Аталган мелдешке “Бир Бол” фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков да катышат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: