Атамбаевдин уулу Текебаевдин кызынан кечирим сурады

184

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек, Текебаевдин кызы Айданек Текебаевадан жана кыргыз элинен Өмүрбек Текебаевдин дарегине айтылган сөзү үчүн кечирим сурады.

Кадырбек пост калтырып, ал башкача жагдайда айтып алганын жана журналисттер кыскартып атып туура эмес мааниде берилип калганын жазган. Бирок бул нерсе аны актабай тургандыгын кошумчалады.

Мени бардыгына каршы көрсөтүүгө кызыктар адам ким экендигин мен билем”-деди.

Эске салсак, кечээ Кадырбек Атамбаев журналисттерге жооп берип жатып, Текебаевдин Дача-Суга байланыштуу айткан сөздөрүнө комментарий берген.

Кийин Текебаевдин кызы Атамбаевдин уулу атасын коргоп жаткандыгын айтып, бирок  адамдын жеке өзүнө асылуунун кереги жок эле деп жазган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь