Жасалма документтер менен жер тилкелерди сатып жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

118

Жасалма документтер менен башка адамдарга таандык жер тилкелерин сатып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль айынын аягында милицияга арыз менен Чүй облусунун тургуну кайрылган. Анда ал Аман аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, 2012-жылдын февраль айында Аман аттуу жаран анын ишенимине кирип Военно-Антоновка айылындагы жер тилкесин 7 миң долларга саткан. Кийин ал жер башка адамга таандык экени аныкталган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Мындан сырткары, милицияга арыз менен 60 жаштагы аял кайрылган. Анда ал ошол эле айылдан 335 миң сомго жер тилкесин Аман аттуу жарандан сатып алганын айткан. Кийин ал жер тилке башка адамга тиешелүү болуп чыккан. Бул факт боюнча да кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1985-жылы туулган А.О. аттуу тургуну кармалган. Ал буга чейин да бир нече жолу сот жообуна тартылып, ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал башка адамдарга таандык жер тилкелерин жасалма документтер менен үчүнчү адамдарга сатуу менен алектенип келген. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь