Ак үйдүн алдына пикетке чыккан аял устара менен алаканын тилип жиберди

115

Бишкекте Ак үй алдына пикетке чыккан аялга медициналык тез жардам көрсөтүлдү деп жазат “Азаттык”.

Өзүлөрүн эже-сиңди деп тааныштырган эки аял мүлк талаштан улам бир нече жылдан бери күч түзүмдөрүнүн жана соттордун кордугуна кабылып келатканын, мамлекет башчынын көңүлүн бурдуруу үчүн пикетке чыкканын айтышты.

Алардын бири миздүү устара менен сол алаканын тилип жибергендиктен тез жардам чакыртылды.

Даттануучуларга милиция кызматкерлери келип, маселеси мыйзам чегинде чечилерин айтышты. Андан соң аларды президенттик аппараттын арыздарды кабыл алуу бөлүмүнө чакырып, сүйлөшүү өткөрүлдү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь