Алмазбек Атамбаевдин биринчи жубайы Бүажардан 4 баласы бар: Сейитбек, Сейтек жана эгиз кыздары Диана менен Динара. Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп турганында алган квартирасын биринчи бүлөсүнө калтырып кеткен экен.

Ал эми экинчи жубайы Раиса Атамбаева менен 1988-жылы баш кошушуп, жубайлар Алия жана Кадыр аттуу эки балалуу болушкан.

Раиса Атамбава Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган. Ошол эле медициналык академиянын гигиеналык дисциплина кафедрасынын доценти аталган. Ал эми 2016-жылы медицина илимдеринин доктору болгон. 2018-жылы Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун токтому менен профессор илимий наамы ыйгарылган.

Атамбаеванын илимий-педагогикалык стажы 26 жылды түзөт. 87 илимий эмгеги, анын ичинде 75 макала, бир монография, гриф менен жазылган окуу китеби, 5 окуу-методикалык сунуш жана 17 илимий макаласы жарык көргөн.

Булак: Калыс Медиа

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: