Бүгүн, 19-августта саат 11:00дө Чүй облустук соту саясатчы Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын карайт.

Жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун иши өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашып, 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет. ” Эгер сот биз тарапка чечсе Жапаровдун мөөнөтү үч жыл төрт ай кыскарат дагы, ал шарттуу түрдө бошотулушу керек” , – деп билдирет “Азаттыкка” жактоочусу Шарабидин Токтосунов .

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: