ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу максатында Али Касымов кызыктар тараптан акча каражатын алып, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына берип, ортомчу катары жүргөндүгү аныкталган.

Ошону менен А.Касымов Батукаевдин үй-бүлөсүн профессионалдык жактоочу катары коргоону ишке ашырган эмес.

2019-жылдын 31-июль күнү Али Касымов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн шектелип кармалган. 2019-жылдын 2-август күнү Жазык кодексинин 43-берененин 4-бөлүмү менен 319-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Шектүү А. Касымов коргоочусу менен бирге 16-август күнү кызматташуу жөнүндө процесстик келишимге келүү жөнүндө өтүнмө каты менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү маселелери каралып жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: