Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу мекенине кайтып келди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Муфтияттан белгилешкендей, 400 ажы “Жидда-Бишкек” багыты боюнча Кыргызстанга 17-августта саат 22:28де учуп келишкен.

17-августтан 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар “Жидда-Бишкек”, “Жидда-Ош” жана “Медина-Ош” багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишмекчи. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган“, – деп билдиришти муфтияттан.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6 миң 10 квота бөлүп берген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: