Новосибирскте кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды (сүрөт)

110

Россиянын Новосибирск областынын Карасук районунда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу  ТАСС жазды.

Кичиавтобустун катышуусунда болгон кырсыктан Армениянын жараны каза болду. Ал эми Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары жалпы 9 адам жабыркаган.

Ички иштер министрлигинин Новосибирск областы боюнча маалымат кызматы берген маалыматта, жекшемби күнү саат 23:20да (19:20) Новосибирсктен Карасукка бара жаткан кичиавтобустун айдоочусу башкаруусун жоготуп жолдон чыгып кеткен.

Натыйжада кырсыктан айдоочу жана 8 жүргүнчү жабыркаса, бир жүргүнчү аял тез жардам унаасынын ичинен жан берген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь