Садыр Жапаров боюнча чечим өзгөрүүсүз калды

120

Бүгүн 19-августта Чүй облустук соту камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин карап, райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды.

Быйыл 16-июлда Аламүдүн райондук соту Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жапаровдун жаза мөөнөтүн мунапыска байланыштуу кыскартуу тууралуу сунушун «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде кабыл алган эмес. Адвокат биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган.

ЖАМК Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь