Токмок шаарында өспүрүм бала аял кишиге баштыгын көтөрүүгө жардам берип, 3000 сомун уурдап кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын маалымат кызматынан кабарлады.

14-16-август күндөрү аталган шаарда “Тилемчилик” рейди жүрүп, натыйжада өспүрүмдөрдүн майда бейбаштык иши боюнча кылмыштын бети ачылган.

Токмок шаарынын тургуну 1950-ж.т. М.С. жаш бала анын сумкасын көтөрүшүп, кийин кошелегунан 3000сом жоголуп кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

Токмок шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору рейддин жүрүшүндө акчаны уурдаган баланы кармап, тергөө органына алып келишкен. Жалпы рейддин жыйынтыгында 4 өспүрүм каттоого алынып, жашы жете элек 3 баланын кайыр сурап жаткандыгы аныкталды. Социалдык өнүгүү башкармалыгына 10 факты, билим берүү бөлүмүнө 10 факты боюнча маалыматтар өткөрүлүп берилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: