Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү 2012-жылдан бери дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын сөөгүн табышты.

Маалыматка караганда, 2012-жылы февраль айында эркек киши Екатеринбург шаарына иштегени кеткен. Акыркы жолу 2012-жылдын июль айында байланышка чыккан.

Туугандары өз алдынча издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, жыйынтык чыкпаган соң укук коргоо органына кайрылган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз жоголгон А.А. аттуу 1987-ж.т. жаран табылган. Алынган маалыматтар боюнча ал 2012-жылдын 18-июлда жол кырсыгынан каза таап, белгисиз жаран катары сөөгү жерге берилген.

Учурда туугандарына тийиштүү документтер берилип, эксгумация жана Жүк-200дү мекенине жеткирүү маселеси чечилип жатат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: