Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырды. Бүгүн 20-августта Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызы каралды.
Биринчи Май райондук сотунун көчмө жыйыны УКМКнын тергөө абагында өттү.
Белгилей кетсек, Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Сот ошол эле күнү анын баш коргоо чарасын карап, 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.