????????????????????????????????????

Өмүрбек Бабанов жакында эле Кыргызстанга кайтып келген. Аны аэропорттон күч органдары кармабаганы менен, кечээ 19-август күнү Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы, буга чейин өлкөдөгү коммерциялык банктардын бирине козголгон кылмыш иши боюнча суракка чакырды.

Ал эми бүгүн 20-августта УКМК Бабановдун Он-Адырдагы эл алдындагы айткан сөздөрү тууралуу күбө катары чакыргандыгын баса белгилешти. Коомчулук президенттикке экс талапкер Бабанов камалабы, эгер камалса ага тиешелүү мүлктөр да камакка алынабы деген суроолордун тегерегинде бушайман.

Киреше декларациясы

Бабанов көп жылдардан бери саясий кызматтарды ээлеп келген, жана ар-дайым өзүнүн кирешелери тууралуу отчет берип турган.

2012-жыл.

Бул жылы Бабанов 673 971 сом акча иштеген жана аянты 324м2 үйдү декларацияга киргизген. (Ал кезде премьер министр болуп иштеген) Ушул эле учурда анын туугандары саясатчынын өзүнөн алда-канча көп суммадагы киреше табышкан – 15 млн 518 миң 670сом. Мындан сырткары аларга эки батир – аянты боюнча – 91,7м2 жана эки автоунаа 2012-жылкы “Тойота Ленд-Крузер Прадо” кыймылдаткыч күчү 3,9 экинчиси 2012-жылкы кыймылдаткыч күчүнүн кубаттуулугу 4,6 “Тойота Ленд Крузер-200” унаалары катталган. Бабановдун туугандарында мындан сырткары үч компанияда 50 %дан үлүштөрү болгон. Алар “Арлан”, “Бизнес-Ойл” жана “Кыр-Кор” компаниялары.

2013-жыл.

2013-жылы өзүнүн негизги иштеген жеринен ал 1млн сом, андан сырткары жылкыларын сатуудан 278 миң сом тапкан. Андан тышкары банктагы салган каражатынан 46миң 255 сом киреше көргөн. Бабановдун туугандары 2013-жылы 28 млн сом өлчөмүндөгү дивидент алышкан, жана банкка салынган каражаттарынан 4 млн сом киреше түшкөн. Муну менен катар тизмеде мурдагыдай эле эки батир эки автоунаа көрсөтүлгөн. Бабановдун жакын туугандары мурдагыдай эле үч ири компанияда элүү пайыздык акцияга ээ болушканы менен, декларациялык тизмекте 100 пайыздык акция менен “Авто-Паритет” ЖЧКсы жаңыдан пайда болгон.

2014-жыл.

Бул жылга маалымат жок.

2015-жыл.

2015-жылы Бабанов депутат катары отчет берген. Бул жылы ал 10млн 902 миң 793сом, жана мурда билдирген үйү тууралуу жазган. Туугандары 73млн 756миң 202 сомдук, жана эки батир, эки автоунаа тууралуу декларациялык отчет беришкен. Төрт компаниядагы акциялары маалымат жок.

2016-жыл

Бабановдун 2016-жылкы иштеген жеринен тапкан акчасынын суммасы 1млн 38 миң 898 сомду түзсө, банктагы салынган каражаттан 6 млн 113 миң 900 сом киреше тапкан.Мындан тышкары мурдагы үйү декларацияда көрсөтүлгөн. Туугандары көп киреше табат:

• 34 млн 616 миң 213 сом – банкка салынган акчалардын пайызы

• 2 млн 682 миң сом – негизги иштеген жеринен түшкөн киреше

• 3 756 907 с. – АМТС сатуудагы түшкөн каражат

Мындан тышкары 272 млн 756 миң сомдук чыгымдар дагы тизмеге киргизилген. Эске салсак бул жылы Asiamall Соода Борбору курулуп баштаган. Туугандарынын квартиралары жана бир автоунаасы калган, бирок экинчи “Тойота Ленд Крузер”ден дайын жок. Кайра эле акциялар тууралуу маалымат жок.

2017-жыл.

Бул жылкы тапкан каражат 1млн 330 миң 829,65 сомду түзүп, чыгымдардын суммасы 11,4 млн сом болгон. Декларацияда мурда көрсөтүлгөн үйүнөн башка да пайда болгон. Алар:

1) 1,26 га жер

2) Лексус LX 570

3) 4млн 434 миң 742 сомго тетеген жылкылар

4) 210 млн 400 миң сомдук кыймылдуу мүлктөр

Туугандарынын кирешеси 9млн 456 миң 755 сом, бир автоунаа “Тойота Ленд Крузер” эмес бул жолу “Тойота Прадо”, жана 194 млн 541 миң 200 сомго башка чарбалык субьектилердин уставдык капиталдагы мүлктүк укуктар боюнча баалуу кагаздар катталган. Мындан сырткары 272 млн 856миң сомдук акциялар.

Бабанов өзүнүн мүлктөрү тууралуу эмне деген?

Эки жыл мурун Бабанов маалымат жыйын өткөрүп, анда президенттик шайлоо алдында ага, жана башка саясий тарапташтарына ар-кандай кара пиар жүрүп жаткандыгын айткан. Муну менен катар “Азия Мол” ири соода борбору кимге таандык экенин билдирген.

Бабановдордун ар-бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз бизнестери бар, жана биздин баардык киреше булактарыбыз декларацияда так көрсөтүлгөн. Биз эч нерсени жашырбайбыз, анткени декларация үчүн жооп беришибиз керек.“- деген Бабанов.

Анын айтмында жакын тууган эжесинин банкы бар. Бир эжеси метал сатып иштейт, башка эжеси фармабизнесте. Сөз кезегинде Бабанов Орусияда Цемент заводунда үлүшү бар экенин мойнуна алды. Бирок ММКлардын билдирүүсүндө Орусияда анын башка да бизнестери толтура.

Менин туугандарым ар-кандай бизнестерде ээлик кылат жана андан дивидент алып турушат. Жеке менин үй-бүлөмдө бир батир катталган ал болсо Москвада. Менин жубайым дагы өзүнө ылайыктуу бизнес кылат.”,- деп кошумчалаган.

Журналистердин жеке сизге эмне таандык деген суроолоруна Бабанов жооп бергиси келген жок, бирок жаран катары менин кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүм бар деп билдирген. “Менин мындан сырткары банкта акча каражатым бар, мен алардан дивидент алып турам. Мындан башка 15-20 жылкым бар кулундары менен”,- деп кошумчалады Бабанов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: