Бишкекте кытайлык ишкерлердин 300 миң долларын тоногондор изделүүдө

Бишкекте кытайлык ишкерди жана анын эки кыргызстандык шеригин тоноп кеткендерди милиция издеп жатат.

ШИИБдин басма-сөз кызматы билдиргендей, 19-августта Келечек конушунда беткапчан белгисиз адамдар алардан болжол менен 300 миң доллар алып кетишкен.

Айрым маалымат булактары кылмышка шек саналгандар BMW автоунаасында келип, ишкерлер бараткан «Лексусту» токтотуп, акчаны алып кетишкенин жазышты.

Учурда бул окуянын чоо-жайын Свердлов райондук милициясы иликтөөдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь