Ноокендин Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) кабарлашты.

Ишкер аял Финполдун аймактагы башкармалыгына айыл өкмөттүн эсепчиси андан курулуш материалдар боюнча уткан тендер үчүн 74 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылган. Шектүү сураган акчанын бир бөлүгүн — 40 миң сомду алып жатканда 14-август күнү колго түштү. Ишкер пара берип жатып эсепчини видеого тартып алган.

Учурда бул факты боюнча териштирүү уланууда.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: