Индияда катуу жааган жамгырдан акыркы эки күндө 58 жаран көз жумду. Нью-Делиге жакын райондордон 10 миңден ашык киши эвакуацияланган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Чыккан маалыматтарга караганда, Уттаракханд штатында 32 киши каза болуп, 8 киши дайынсыз жоголгон. Ал эми Химачал-Прадеш штатында 26 киши суу ташкынынан көз жумган.  Жергиликтүү бийлик баардык билим берүү мекемелерин убактылуу жабылганын билдирген.

Пенджаб штатынын башкы министри Амариндер Сингх суу ташкындарынын кесепетин жоюу үчүн 13 млн. доллар бөлгөн.

Ошондой эле, дарыялардагы суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу жаңы суу каптоо коркунучу жаралгандыгы айтылууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: