Карамушкинанын айтканы боюнча министрликтин жооп берди

88

Саламаттыкты сактоо министрлиги “Алмазбек Атамбаевдин тарапташы спецназ жоокеринен токмок жеп, Таласка качып баргандан кийин каза болду” деген билдирүүнү текшерип, чындыкка дал келбей турганын айтты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 24 жаштагы Миржан Курманбек уулу спецназ аскерлеринен таяк жеп каза тапканы боюнча маалымат түшкөнүн айтып, партиялаштары текшерип жатканын айткан.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги борбор калаадагы жана Кой-Таш менен Арашан айылдарындагы мекемелерди текшерип, Карамушкинанын айткандарын төгүндөгөн. Ал эми бул маалыматты УКМК дагы четке каккан.

Андан кийин Карамушкина кайра билдирүү жасап, Курманбек уулу жаракат алгандан кийин Таласка качып барып, эки күн жаткандан кийин абалы оорлошуп ооруканага түшкөнүн айткан. Бирок абалы жакшырбай каза болуп калганын билдирген.

Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Талас облусундагы бардык ооруканаларды текшерип чыкты.

“Министрликтин Талас облусу боюнча координатору Аттокур Шадиев үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, фельдшердик-акушердик пунктуларга, аймактык ооруканаларга жана үй-бүлөлүк медицина борборлоруна сурам жиберген. Натыйжада мекемелердин бардыгы Миржан Курманбек уулу аттуу жаран кайрылбаганын жана анын өлүмү катталбаганын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь