Бүгүн 20-августта “Тянь-Шань форель” ЖЧКсы Россиянын “Продмассив Сибирь” ЖЧКсы менен маанилүү келишимге кол коюшту.

Ага ылайык Кыргызстанда өстүрүлгөн форель балыктары Орусияга экспорттоого багытталмакчы. Келишимдин негизги наркы 3 000 000 долларды түздү.

“Тянь-Шань” Форель ЖЧКсынын директору Илгиз Шаменовдун айтымында, Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди башка өлкөгө чоң суммада экспорттоо жана балык чарбачылыгын өнүктүрүүдө Кыргызстандагы алгачкы кадамдар.

Эскерте кетсек, ушул жылы президент Сооронбай Жээнбеков атайын иш сапары менен жеке ишкердин чарбачылыгы менен таанышып, мамлекет тарабынан колдоо болоорун айтып, “Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фонду да жеке ишкерге колдоо болорун айтып кеткен.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: