Ооганстан эгемендигинин 100 жылдыгын белгилеп жаткан учурда бир нече жерде жардыруу болду. Анда көптөгөн тургундар ар кандай жаракат алышкан.

Маалыматтарга караганда, 19-августта өлкө чыгышындагы Жалалабад шаарында ондой жардыруу болду. Андан бери дегенде 52 киши түрдүү жарадар болгонун Нангархар провинциясынын жетекчилиги маалымат булактарына кабарлаган. Айрым маалыматтар боюнча жардырууда каза болгондордун саны 66 кишиге жетти.

Ал эми эгемендик майрамы Лагман, Мехтарламе провинциясында да үзгүлтүккө учурап, жергиликтүү бийлик атышууда алты киши жарадар болгонун кабарлады.

“Биз ар бир жарандын төгүлгөн каны үчүн өч алабыз” – деп билдирген президент Ашраф Гани.

Ошондой эле, 17-августтун кечинде Кабулдун негизинен шииттер отурукташкан аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде үйлөнүү тоюнда жардыруу болуп, 60тан ашуун киши курман болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: