Соттун чечими менен мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун туугандарына аны ооруканадан зыярат кылууга уруксаат берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Сапар Исаковдун жакындары билдиришкен.

Бирок, соттун чечими кечээ аткарылган эмес. Анткени УКМК аны менен көрүшүүгө келгендерди киргизген эмес.

Бүгүн УКМК уруксаат бергени, бирок убакытты чектеп 3 саатка гана жолугушуу боло турганы маалым болду.

Сапар Исаковду зыярат кылууга анын жубайы Малика Арстанбековага уруксаат беришти.

Эске салсак, 16-августта Сапар Исаковду Улуттук госпиталга жаткырышкан. Ага ЖЭБти модернизациялоо иши боюнча айып тагылып, буга чейин УКМКнын абагында кармалып жаткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: