Орусияда жол кырсыгына кабылган төрт кыргызстандыктардын видеосу интернетке чыкты.
Белгилей кетсек, 17-августта Мытищи шаарында кыргызстандык жаран айдап бара жаткан унаа жүк ташуучу унааны барып сүзгөн. Натыйжада айдоочу жана машинанын ичиндеги үч кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Айдоочунун абалы жакшы, ал эми үчөөнүн абалы өтө оор экени айтылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.