Москва Кошмо Штаттарды «ушул айдын башында Орусия менен түзүлгөн ракеталык келишимден чыккандан бери биринчи канаттуу ракетасын сынап, аскердик чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады.

Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 20-августта Калифорнияда канаттуу ракетанын сыноодон өткөрүлгөнүнө «өкүнөрүн билдирген». Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

“Америка чындап аскердик чыңалууну курчутууга багыт алгандай. Биз мындай чагымга жооп бербейбиз”, – деди Рябков.

Кошмо Штаттар 2-августта учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу, ошондой эле баллистикалык ракеталарды жасоого тыюу салган, Орусия менен 1987-жылы түзүлгөн келишимден расмий чыккан.

АКШнын Коргоо министрлиги 19-августта билдиргендей, алар Калифорнияга караган Сан-Николас аралында канаттуу ракетасын сынады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: