Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Украинага расмий сапары менен келип, жанында жубайы Сара Нетаньяху да коштоп келген.

Салтка айлангандай аларды аэропорттон нан туз менен тосуп алышып, өкмөт башчы азыктан ооз тийип андан соң аялына үзүп берген. Видеодон көргөндөй жубайы нанды оозуна салгандын ордун ушалап жерге таштап салган.

Бул көрүнүш украиналыктардын нааразылыгын жаратып, элди сыйлабастык катары баалашкан.

Израилдин премьер-министри резонанстуу окуяга комментарий берип, керек болсо жубайы Украинанын туусунун түсүндөй кийинип келгенин баса белгиледи. Урмат көрсөтпөгөндүк деген сындар болбогон сөз деп,  тескерисинче жубайы бул сапарга атайын даярданганын кошумчалады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: