Сооронбай Жээнбеков финансылык институттарды аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы болууга чакырды

176

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды.

Өлкөнүн финансы институттарынын жетекчилери 2019-жылдын 7 айынын ичинде долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө маалыматты беришти.

Атап айтканда, РКӨФ 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылаган, бул 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Насыялардын 60 пайыздан ашыгы өлкөнүн аймактарына багытталган. Мындан тышкары, Эркин Асрандиев кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо жана сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча программалардын ишке киргизилгени жөнүндө маалымат берди.

«Айыл Банк» 2019-жылдын 7 айында 7,7 млрд сом өлчөмүндө 34 757 насыя берип, насыялардын саны 2520га өскөн. Аймактарга жалпысынан насыялардын 72 пайызы берилди.

«РСК Банк» отчеттук мезгилде 4,8 млрд сом өлчөмүндө 6908 насыя берген. Насыялардын саны 844кө өскөн, анын ичинде өлкөнүн аймактарына берилген насыялардын көлөмү көбөйүп, жалпы сандан 2,6 млрд сомду жана 74 пайызды түздү.

Кепилдик фонд 2019-жылдын 7 айдын жыйынтыгы боюнча 469 млн сом өлчөмүндө 264 гарантия берген. Бул 2018-жылга караганда 198 млн сомго көп. Өсүш 173 пайызды түздү. Гарантиялардын эсебинен банктардын берген насыялары 1,4 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 156%га өскөн.

Президент Сооонбай Жээнбеков региондордогу ишкерлерди, экспортко багытталган ишканаларды активдүү колдоону мындан ары дагы улантуу, жаӊы ишкерлердин «старт-ап» долбоорлорун каржылоо, санарип технологиялар аркылуу кыска убакытта насыяларды тез берүүнү камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү максатында калк тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды — сүт, эт, тери, жүн, жер-жемиштер жана башка өсүмдүктөр продукцияларын сатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана миграцияны кыскартуу үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана жайылтууга финансылык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү багыттоо зарылдыгына дагы бир жолу көңүл бурду. «Бул чаралардын бардыгы аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып жатат. Өлкөнүн негизги финансы институттары болгон сиздер аймактардын, айылдарыбыздын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелесиздер. Аймактык ишкерлерди колдоп, алардын долбоорлорун активдүүрөк каржылагыла», — деп чакырды Президент Сооронбай Жээнбеков.

Комментарии

  1. Definitely believe that which you stated. Your favorite justification appeared to be on the internet the easiest thing to be aware of.
    I say to you, I definitely get annoyed while people consider worries that they just don’t know about.
    You managed to hit the nail upon the top as well as defined out the whole thing without having side
    effect , people could take a signal. Will likely be back to get more.

    Thanks adreamoftrains best web hosting webhosting

  2. Hey There. I discovered your weblog the usage of msn.
    That is an extremely well written article. I will be sure to bookmark it and return to
    read more of your helpful info. Thank you for the
    post. I will certainly comeback.

    Also visit my homepage; cheap flights

  3. Unquestionably imagine that that you stated. Your favorite reason seemed to be at the internet the easiest
    thing to understand of. I say to you, I definitely get irked
    while other people think about issues that they plainly do
    not realize about. You controlled to hit the nail upon the top and defined out the
    whole thing without having side-effects , folks can take
    a signal. Will probably be again to get more. Thanks cheap flights y2yxvvfw

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь