Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Өмүрбек Бабанов Башкы прокуратура тарабынан президенттикке талапкерге карата, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылды”, – деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, Бабанов ал кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүүдө.

Эске салсак, саясатчы кечээ 19-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында “Кыргызстан коммерциялык банкы” ААКсына байланышкан иш боюнча
сурак берип чыккан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: