Адам сатуунун курмандыгынан кантип коргонуу керек? (видео)

112

Кыргызстандын 60 миң жараны чет мамлекеттерде жана өлкө ичинде адам сатуунун курмандыгына кабылуу коркунучунда.

Кантип коргонуу керек?

Адам сатуунун курмандыгы болгон адамдардын жүзүн көрсөтө албайбыз. Ошондуктан алар башынан кечирген окуяларды буюмдар аркылуу көрсөтүүнү туура көрдүк.

Адам сатуунун курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал:
Эгерде сизге жумуш сунушталса, бирок:

  • Сиз кайсыл жерде, жана кандай жумуш аткарышыңызды анык билбейсиз. Иш шарттары сизге түшүнүксүз.
  • Эгерде кимдир бирөө сиздин паспортуңузду же болбосо башка документтериңизди алып алгысы келсе.
  • Сизге жагымдуу шарттары менен жумуш сунушталды, бирок ага ишенүү кыйын.
  • Эгерде сиздин жол акыңызды төлөп бергенди сунуштап, «бизге кийинчереек кайтарып бересин» десе.
  • Эгерде досторуңуз же туугандарыңыз иш сунуштаса да, абайланыз!
  • Интернеттеги чет өлкөгө чыгууга жардам сунуштаган жалган жарыялардан этият болуңуз!

Сизге досуңуз же тууганыңыз жет жактан жумуш сунуштаса сак болуңуз.

Коопсуз миграциянын эрежелери:

  • Жумуш легалдуу болушу керек. Паспортуңузда иш-сапары деген виза болушу керек.
  • Билеттериңиз барганы гана эмес, кайтып келүүгө да болушу зарыл (Кайра кайтып келүүгө билетиңиз ачык датасы менен болушу мүмкүн)
  • Келечектеги жумушуңуздун так дарегин билишиңиз керек жана сиз менен байланышчу маалыматты туугандарыңызга калтырыңыз.
  • Жеке паспортуңузду эч кимге берүүгө болбойт. Документтериңиздин көчүрмөсүн өзүңүз менен алып жүрүңүз жана дагы бир көчурмөсүн акыркы сүрөтүңүз менен туугундарыңызга калтырыңыз.
  • Келишим түшүнүктүү тилде түзүлүшү керек.
  • Туугандарыңыз сиздин кайсыл жака бара жатканыңызды билиши зарыл.
  • Туугандарыңыз менен канча убакыт ичинде байланышаарыңызды, жана сиздин кандайдыр бир оор абалга түшкөнүңүздү түшүндүргөн шартуу фразаны келишип алыңыз.
  • Бара жаткан өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын өкүлчүктөрүнүн адрестерин жана контактарын алдына алып билиңиз жана аларды телефонуңузга сактаңыз.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Миграция Кызматтыгы (ММК) тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумуш менен камсыз кылууга атайын уруксаты (лицензиясы) бар жумуш менен камсыз кылуу жеке агентстволоруна кайрылуу керек.

Жеке фирмалардын жарандарды жумуш менен камсыз кылуу лицензиясынын бар же жоктугун 0800 0000 189 номуруна чалып (же 1899 Бишкек шаары боюнча), же oec.kg ММКанын сайтынан билсеңиз болот

Көбүрөөк билгиңиз келсе:

Түз байланышка чалыңыз: 1899 жана 0800 0000 189 (жалпы региондорунун жана Бишкектин стационардык жана уюлдук телефондорунан чалуу акысыз)

“Мигранттын маалымдамасы” колдонмосун Play Market – Androidтен жүктөп ал.
Вебсайт: www.oec.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь