Бишкектеги өтмөктөрдү оңдоп-түзөөдө акча жымырылганы аныкталды

Бишкекте жер алдынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтө турган өтмөктөрдү оңдоп-түзөөдө акча жымырылып алынганы аныкталды. Шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 376 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталганын 21-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 14-августта Бишкек шаарынын прокуратурасы Жазык кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштады.

Былтыр Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилиштериндеги, “Аламүдүн”, “Мадина” базарларынын жанындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча өткөрүлгөн сынактар текшериле баштаган.

Жыйынтыгында, атайын кызматтын белгилешинче, Бишкек шаарынын казынасына 376 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жети кызматкери тартип жазасына тартылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга өткөрүлүп берилди.Тергөө жүрүп жатат.

Бишкектеги эки ири өтмөктү мэрия 2017-жылы толук жаңылаган. Буга 27 миллион сом кеткени кабарланган. Бирок көп өтпөй ичине жаан өтүп, кээ бир карапа такталары түшүп калганы тууралуу сүрөттөр интернетте тараган.

https://www.azattyk.org/

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь