Дүкөндү тоноого кирген бет капчан балдардын видеосу чыкты

89

26-июлда  Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз бет капчан балдар кирген. Алар сатуучуну тапанча менен коркутуп кассадагы акчаны берүүсүн талап кылышкан.

Коркутуу учуру видео байкоого түшүп калган. Ал видеону бүгүн Бишкек ШИИБдин кызматкерлери интернетке жарыялады.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөр 1999-жылы туулган Р.С жана Г.А аттуу балдар экени аныкталып, алар убактылуу кармоочу жайга 2 айга камалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь