Жалал-Абад: Соода түйүндөр жана товарлар күйүп кетти (видео,сүрөт)

86

21-августка караган түнү Жалал-Абад шаарынын Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылып, өрт саат 01:50дө чектөөгө алынды.

Базардан чыккан өрт таңкы саат 04:15те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2500 ч.м. түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен.

Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Базардагы өрт өчүрүлдү

تم النشر بواسطة ‏‎Азамат Жээнбеков‎‏ في الثلاثاء، ٢٠ أغسطس ٢٠١٩

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь