Ош-Тазалык ишканасына жаңы техникалар тапшырылды (сүрөт)

105

Бүгүн, 21-августта Ош-Тазалык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган жаңы атайын адистештирилген техникалар тапшырылды.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы техникаларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

 Эми шаардагы тазалыкты жаңы техникалар менен тейлейбиз. Бул албетте толук жетиштүү эмес. Жакынкы айларда Европадан да жаңы техникалар келет. Мындан тышкары эскилиги жеткен таштанды таштоочу контейнерлер да жаңыланат. Бул жасалып жаткан иштердин баары Ош шаарынын тазалыгы үчүн. Тазалыкта иштеген кызматкерлерге да өзгөчө көңүл бурулат”,-деди шаар мэри.

Ош-Тазалык ишканасына 13, муниципалдык менчик башкармалыгына 1, шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгына 1 жаңы техника Ош шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу тапшырылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь