Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан мечит күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 20-августтан 21-августка караган түнү болгон. Мечит төрөт үйүнүн жанында жайгашкандыктан кырсык тууралуу куткаруучуларга түнкү нөөмөттө кезекте турган медайымдар билдиришкен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.