Ысык-Көл облусунда 32 жаштагы эркек киши жаш кызды зордуктады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан маалымат таратты.
Маалым болгондой, июнь айынын аягында милиция кызматкерлерине жабырлануучу кыздын энеси кайрылып, окуя 17-июнда болгонун айткан.
1987-ж.т. шектүү жаран камакка алынып, учурда ыкчам-тергөө иштери аяктоодо. Дайындалган экспертиза зордуктоо фактысы болгондугун аныктаган.
Шектүү жасаган иштерин мойнуна алып, эмки жумада өтө турган сотто жооп берүүгө дайын экендигин билдирген.