Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясынын аймагынан өрт чыкты

85

Бүгүн түндө Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясынынын айланасында(УТРК) өрт чыккан. Бул тууралуу шаардык өрт коопсуздук башкармалыгынан билдиргенин РИА Новостиге таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү саат 01:54тө (Ташкент убактысы) өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. УТРКнын аймагында, ашкана жана башка бөлмөлөр (400 чарчы метр) күйгөн.

Окуя жерине өрт өчүрүүчүлөр саат 02:00дө барган. Саат 02:45те өрт чектөөгө алынып, 03:36да өчүрүлгөн.

Каза болгондор же жабыркагандар катталган эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь