Насыя алгандардын укуктары тебеленүүдө! Бүгүн бул темада насыя алгандардын укугун коргоо комитетинин төрайымы жана башка коомдук бирикме жетекчилери Элдик Медиада маалымат жыйын өткөрүшүп, жалпы насыячылардын укуктары эске алынбай жаткандыгын билдиришти.

Алардын айтымында учурда Кыргызстан боюнча эки миңден ашуун жаран турак-жайсыз калуунун алдында турат. Бул чакан өлкө үчүн абдан чоң сумма экенин айтышып, андан тышкары да толтура кыйналган адамдар кайрылып жатканын билдиришти.

Кыргызстандагы банктар өтө чоң пайыз менен насыя берип жатышканы чындык, ал эми элдин дээрлик 70-80%ы кредит алып оокат кылышаарын кошумчалашты.

Мындан тышкары бирикме жетекчилери элдин көйгөлөрүн эске алуу менен тиешелүү мекемелерге кат жиберишкен. Ал каттарда аша чапкан айрым банктарды тескөөгө алуу жана насыячылардын укугун коргоп пайыздык үстөктөрдү ылдыйлатып берүү жана башка талаптар коюлган. Талаптар аткарылбаса нааразычылык митингине чыгышмакчы.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: