Баткен облусунан ажылык сапарга кеткен ажылардын алгачкы тобу 23-август күнү кайтып келет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Зыяратчылар менен бирге кеткен ажы башчылардын айтымында, алардын ажылык амалдары аяктап, кайтууга камылга көрүшүүдө. Алар 23-август күнү таң эрте «Ош» эл аралык аба майданына учуп келишет.
Эскерте кетсек, быйыл Баткен облусунан ажылык сапарга 488 жаран кеткен.